Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

Орусиянын башкы чалгынчысы генерал-полковник Игорь Сергун каза болду


Игорь Сергун
Игорь Сергун

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси, генерал-полковник Игорь Сергун 4-январда, 58 жаш курагында күтүүсүз кайтыш болду.

Игорь Сергун чалгын кызматында отуз жылдан ашуун иштеп, 1984-жылдан бери тажрыйба топтогон. 2011-жылдан бери Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетектеп келген. 2014-жылы апрель айында Украинанын бүтүндүгүнө шек келтирген деп Евробиримдик санкция киргизген орусиялык жетекчилердин тизмесине кошулган.

Маркум Москвадагы Суворов аскер окуу жайын, жогорку, командалык жалпы аскердик окуу жайын жана аскер академиясын аяктаган. Аскер илимдеринин кандидаты болгон.

XS
SM
MD
LG