Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

“Газпром” Өзбекстандан газ сатып алууну көбөйтөт


Орусиянын “Газпром” ишканасы 2016-жылы Өзбекстандан газ сатып алууну көбөйтөт. Бул тууралуу орус басылмалары аталган ишкананын жетекчиси Алексей Миллердин айткандарына шилтеп жазып чыгышты.

Өзбекстан "көгүлтүр от" чыгаруу боюнча КМШ мамлекеттери арасында үчүнчү орунда турат.

“Газпром” жакында Түркмөнстан менен түзүлгөн келишим токтотулганын кабарлаган. “Түркмөнгаз“ ишканасы муну Орусиядагы экономикалык кризиске байланыштуу экенин билдирген.

Орусия буга чейин Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан газ сатып алып турган. (SE)

XS
SM
MD
LG