Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Кубаныч Жолдошев - “Жылдын мыкты журналисти”


“Фабула”, “Искра” гезиттеринин сурамжылоосунун натыйжасында “Азаттыктын” баяндамачысы Кубаныч Жолдошев “2015-жылдын мыкты журналисти” наамына ээ болду.

Кубаныч Жолдошев өткөн жыл аягында Британиянын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөргөн адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынакта “Кадрдык “империянын” караңгы жолдору” деген макаласы менен биринчиликти алган.

2015-жылы “Азаттык” радиосунун бир катар кабарчылары сыйлыктарга жетишкен. Саясий-экономикалык темалар боюнча баяндамачы Айданбек Акмат уулу “Искра” гезитинин сурамжылоосунда “Жылдын мыкты аналитиги” наамын алган.

Акыйкатчы институту менен биргеликте адам укуктары жана эркиндиктерин сыйлоого жана сактоого көмөктөшүү боюнча өткөрүлгөн сынакта “Балдар жана аялдардын укуктарын чагылдыруу” номинациясы боюнча “Азаттыктын” кабарчысы Канымгүл Элкеева “Нурипа: күйөөм чачымдан сүйрөп урат” деген макаласы үчүн сыйланган.

“Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Улан Эгизбаев Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсы уюштурган жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча сынакта “Телеканалга жарыяланган мыкты материал” номинациясы боюнча жеңүүчү болду.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" даректүү тасмалар фестивалында "Азаттыктын" журналисттери Санжар Эралиев менен Жанарбек Жолдошбаев тарткан “Өгөйлөнгөн келиндер” тасмасы да аялдардын укуктарын мыкты чагылдырганы үчүн атайын сыйлыкка татыган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG