Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Ливиядагы ири чабуулдун артынан дагы бомба жарылды


Полиция кызматкерлерин даярдаган борбор жардыруудан соң.
Полиция кызматкерлерин даярдаган борбор жардыруудан соң.

Ливиянын Злитан шаарындагы полиция кызматкерлерин даярдаган борборго жасалган чабуулдан улам жашоо менен кош айтышкандар саны 65ке жетти. Дагы жүздөй адам жараат алганын жергиликтүү булактар кабарлады. Бул теракт өлкөдө Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылган 2011-жылдан бери эң кандуу окуя катары сыпатталууда.

7-январь күнү террорчулар полициянын машыктыруу борборуна жакын жерде бомба толтурулган унааны жардырышкан. Бул чабуулга жоопкерчиликти азырынча эч бир уюм өзүнө ала элек.

Андан бир нече сааттан кийин Ливиянын түндүк тарабындагы ири мунай порту саналган Рас-Лануф өткөрүү пунктунда да жанкечти унаасын жардырып, 6 адамдын өмүрүн кыйды. (SE)

XS
SM
MD
LG