Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Германия: полиция бөлүмүнө кол салган жаран качкындар лагеринде жашаган


Париж, 7-январь, 2016-жыл
Париж, 7-январь, 2016-жыл

Бейшемби күнү Париждеги полициянын комиссариатына кол салган адам Германиянын батышындагы Реклинхаузен шаарындагы качкындар лагеринде жашаганы аныкталды. Бул тууралуу Германия полициясы билдирди. Лагер тинтүүгө алынып, пландалган кол салуу боюнча башка маалыматтар тастыкталган жок. Полиция бөлүмүнө кол салды деген адам 2013-жылы Францияда карактоо боюнча камалганы да айтылууда. Ал эми ал 2015-жылы качкын мигранттар менен бирге Германияга келген деген маалыматтар күмөн жаратууда.

Франциянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 7-январда белгисиз киши полиция участогуна кыйкырып кирип барган. Анын колунда бычак жана жанкечтинин бомба катылган белбоосуна окшош белгисиз бир буюм болгон. Полиция кийин ал бомба эмес, ошого окшош буюм экенин айткан. Кол салууга аракеттенген бул адам өлтүрүлгөн.

Аталган окуя Париждин түндүгүндөгү көп улуттуу калк жашаган кварталда болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG