Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Улуттук банк: Кыргызстанда доллар жетиштүү


Улуттук банктын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстандын банктарында доллардын көлөмү жетиштүү. 6-январга карата коммерциялык банктарда доллардын калдыгы 390,8 млн. долларды түздү. Мунун ичинен 51,8 млн. доллар накталай түрдө, ал эми 340 млн. доллар нак эмес түрдө катталган. Улуттук банк айрым маалымат каражаттарындагы доллар таңсыктыгы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

Сомдун кунун кармап туруу максатында жыл башынан бери Улуттук банк үч жолу, жалпы суммасы 15 млн. доллар валюта базарына сатыкка чыгарды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG