Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Сирияга адамдарды азгырган деп шектелген жарандын балдарына паспорт алуусу иликтенүүдө


Сирияга адам азгырып жүргөн деп шектелген Өзгөн шаарынын тургуну Камилжан Азамжановдун балдарына паспорт берилген жагдай териштирилип жатат. Райондук милициянын кызматкери Эсен Ашимовдун “Азаттыкка” айтымында, бул жагдай боюнча материалдар топтолуп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берилди. Маалыматка караганда, былтыр жыл этегинде Азамжанов өзү, аялы жана балдары да сыртта жүргөн кезде беш, төрт, бир жаштагы уулдарына жана бирге чыга элек кызына паспорт жасатып алганы аныкталган.

“Паспорт берген кызматкерлер болсо апасы өзү келген, нотариустан ошондой кагаз бар деп жатышат. Бирок чек арадан текшерткенде аялы бул жакка келген эмес экен”, - деди Ашимов.

Камилжан Азамжановдун балдарына паспортторду Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин Өзгөн райондук бөлүмү берген. Аталган бөлүмдүн жетектөөчү адиси Суйсал Кадыралиева бул факт боюнча Улуттук коопсуздук кызматына барып көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” тастыктады. Ал документтер мыйзамдуу берилгенин айтууда. Суйсал мурдагы депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууган сиңдиси.

Азыр бул фактыны УКМК териштирип жатат, бирок, атайын кызмат кылмыш иши козголгону же козголбогону тууралуу азырынча кененирээк комментарий бере элек.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Азамжанов террорчул топтун мүчөсү катары шектелип жүргөн. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG