Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Жалал-Абад шаарында "Каникул" аталышындагы рейд жүрүүдө


Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу убагында "Каникул" аталышындагы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдирди. Ички иштер бөлүмү шаар бийлиги менен биргеликте өткөрүп жаткан иш-чара шаар аймагында ата-энеси чет мамлекетке иштеп кетип, туугандарынын кароосунда калган өспүрүмдөрдү тактоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алуу максатын көздөйт. 11-январда башталган рейд эртең, 14-январда жыйынтыкталат. Шаар аймагындагы 21 мектепте 16 миңдин тегерегиндеги окуучу билим алат. (RsK)

XS
SM
MD
LG