Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Кветтадагы жардыруудан кеминде 15 киши каза тапты


Кветтадагы жардыруудан кийин

Кветтадагы жардыруудан кийин

Пакистандын Кветта шаарында шал оорусуна каршы эмдөө борборундагы жардыруудан кеминде 15 киши жан таслим болду. Бомба эмдөө жасаган медицина кызматкерлерин коштоп жүргөн полициячылар имараттын жанына топтолгон учурда жарылган.

Расмий маалыматка ылайык, набыт кеткендердин 12си тартип коргоочулар, андан тышкары бери дегенде 10 киши жараат алды.

Балужистан чөлкөмүнүн ички иштер министри азырынча жардыруунун чоо-жайы аныктала электигин, иликтөө уланып жатканын билдирди.

Эмдөө өнөктүгүнө катышкан медицина кызматкерлери жана полициячылар буга чейин бир нече жолу радикал исламчылардын чабуулдарына туш болушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG