Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Азербайжанда баалардын көтөрүлүшүнө нааразылар көчөгө чыгышты


Азербайжандын жер-жеринде жүздөгөн киши жумушсуздукка жана баалардын кымбатташына каршы нааразылыгын билдирип, көчөлөргө чыгышты.

Сиязан чөлкөмүндө демонстрацияны таркатууга аскерлер тартылды. Күбөлөр "Азаттыктын" азери кызматынын кабарчысына кеминде эки кишини кармап кетишкенин айтып беришти. Ланкаранда полиция оппозициялык эки активистти кармады. Ал тапта Аксу районунун админстрация башчысынын орун басары Расим Новрузов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү демонстранттар менен жолугуп, ун баасынын кымбатташына каршы чара көрүүнү макулдашканын айтты. Өткөн айда Азербайжанда улуттук валюта –манат эркин кое берилгенден кийин анын наркы 40 процентке арзандап кеткен. Натыйжада азык-түлүктөн башка товарларга баалар кескин көтөрүлүп кеткен.

XS
SM
MD
LG