Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Мандаттан ажыратуу маселесинен улам БШК сынга кабылды


Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков “Кыргызстан” партиясындагы депутаттарды мандаттан ажыратуу ишин “фракциялык диктатура” деп атады. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында сүйлөп жатып, Момбеков бул абалды парламентаризмди туңгуюкка алып баруу деп сыпаттады:

- Мындай кадамдар менен биз “фракциялык диктатураны” орнотууга өбөлгө түзүп жатабыз. Бул не деген жорук? Акаев менен Бакиевдин бийлиги үй-бүлөлүк диктатурадан улам мамлекеттен куулду. Депутаттардын мандатын фракция чечими менен алып коюу да ушундай эле иш. Элестеткиле, бүгүн депутат болуп үйүнө барган адам, бир уктап турса эле жөнөкөй адам болуп калганы туура эмес.

Ушул апта башында “Кыргызстан” партиясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ишмердигин БШК мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Буга фракция чечими негиз болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG