Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Таласта беш жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү аракети жүрүүдө


Таласта беш жылдан бери токтоп турган картошканы иштетүүчү заводду ишке киргизүү боюнча өкмөт аракет көрүүдө. Заводдун директору Темир Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдиргендей, учурда тийиштүү министрликтер бул боюнча сунуштарын өкмөткө даярдап жатат. Эгер маселе чечилсе, завод болжол менен күз айларында алгачкы продукцияларын чыгарат. Жылына 10-15 миң картошка кайра иштетилип, 150дөй адам иш менен камсыз болот.

Таластагы картошканы кайра иштетүүчү заводду куруу маселеси 2004-жылы башталган. 2010-жылы Индиядан 2 млн. 400 миң долларлык жабдык келген. Жабдыктарды мурдагы эт комбинатынын имаратына орнотуп, оңдоп-түзөө иштерин Кыргыз азык-түлүк агрокорпорациясы мойнуна алган. Ушул күнгө чейин завод үчүн 41 млн. сомдон ашык каражат жумшалган. Бирок жабдыктардын техникалык уруксаты жоктугуна, имарат талаптагыдай оңдолуп-түздөлгөнүнө байланыштуу завод ишке кирбей турат. (SS)

XS
SM
MD
LG