Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:16

Кыргызгидромет быйыл 90 жылдыгын белгилейт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттиги быйыл 90 жылдыгын белгилейт. Мекеме 1926-жылы негизделген. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Кыргызгидрометтин тарыхы 1856-жылдан башталат. Ошол жылы Орус падышачылыгы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна метеостанция курган. Бирок ал расмий түрдө 1926-жылы ачылган. Эгер алгачкы датасы менен эсептелсе, быйыл 160 жылдык маарекеси белгиленмек.

Ак-Суудагы станциядан соң 1881-жылы Ош облусундагы Гүлчө айылына, 1889-жылы Нарын шаарына, 1911-жылы Жалал-Абад облусундагы Падыша-Ата айылына метеостанциялар, 1869-жылы Лейлек районундагы Кожобакыр дарыясына, 1881-жылы Ош шаарындагы Акбуура дарыясына, 1896-жылы Шахимардан дарыясына, 1899-жылы Чүй дарыясына, 1914-жылы Аравансай дарыясына гидропосттор курулган.

Кыргызгидромет кызматкерлери 8-9 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. (SE)

XS
SM
MD
LG