Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Мурдагы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигиндеги мыйзам бузуулар аныкталды


Мурдагы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин каржы башкармалыгында иштегендер 2015-жылы айлык акыга деп туура эмес эсеп жүргүзүп, мыйзамсыз түрдө 2 миллион 603 миң сомду коротуп жиберген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымдап, атайын кызматтын Коррупцияга каршы кызматы иликтеп, аныктап чыкканын билдирди.

Айкындалып калган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянат пайдалануу, ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу, алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган министрлик 2015-жылдын ноябрь айында жоюлуп, өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы болуп өзгөргөн. Анда иштеген кызматкерлердин жарымы Эмгек жана социалдык министрлигине өтүшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG