Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:59

Сот Орунбековдун президенттин үстүнөн жазган арызын 28-январда карайт


Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналист Дайырбек Орунбековдун мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жана президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун үстүнөн жазган арызын 18-январда кабыл алды. Бул тууралуу журналист "Азаттыкка" өзү кабарлады.

Президент боюнча сот отуруму 28-январда болот. Ниязовдун үстүнөн жазылган арыз 1-февралда каралат.

Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйында Орунбековду бирөөнүн буйругунун негизинде иштейт деп айыптаган. Андан соң Фарид Ниязов ушул жаатта кайрылуу жасаган. Мындан улам кадыр-баркыма шек келди деген доомат менен журналист алардан символикалык түрдө бир сом өндүрүү талабы менен сотко кайрылган.

Буга чейин Дайырбек Орунбеков өзүнүн maalymat.kg сайтында июнь коогасы боюнча Атамбаевди каралап жазган деп табылып, 2 млн. сомго айыпка жыгылган. (SE)

XS
SM
MD
LG