Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Киев Крым менен сооданы токтотту


Украин өкмөтүнүн Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен соода жүгүртүүнү токтотуу боюнча токтому бүгүндөн тарта күчүнө кирди. Көпчүлүгүн Крым татарлары түзгөн жарандык активисттер тобу былтыр сентябрдан бери жарым аралды Украинанын кошуна аймактары менен байланыштырган жолду бөгөп турушкан. Алардын айрымдары жаңы эрежелердин аткарылышына көз салуу үчүн дале кала берерин айтууда.

Украин өкмөтү Крым менен соода жүгүртүүнү токтотуу чечимин өткөн жылдын 16-декабрында кабыл алган.

Крым былтыр 21-ноябрда жарым аралга электр энергиясын жеткирген линиянын тирөөчтөрүн белгисиз бирөөлөр жардырып салган соң жарыксыз калган. Кийинчерээк Орусия менен Украинанын биргелешкен аракети менен абал калыбына келген. Бирок 30-декабрда электр линиясынын тирөөчтөрү кайра жардырылган.

XS
SM
MD
LG