Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Францияда сириялык качкын миллион евро утуп алды


Франциянын Le parisien гезити Сен-Дени аттуу шаарчада жашаган сириялык качкын лотереядан бир миллион евро утуп алганын жазып чыкты. Коопсуздук маселелеринен улам анын аты-жөнү ачык жазылган жок.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын Париждеги кабарчысы Гүласал Камолованын айтымында, болгону он еврого билет сатып алып, андан миллион евро уткан качкын бул олжосуна Парижден үй алып, ресторан ачууну көздөөдө. Калган акчасына Сириядагы жакындарын көчүрүп келүүгө да ниеттенүүдө. Ал Францияга 2011-жылы келген экен.

XS
SM
MD
LG