Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:35

Немис адвокаты “Биринчи каналдын” сюжетин текшерүүнү талап кылды


Немис адвокаты Мартин Лютле Берлиндин прокуратурасына кайрылып, Орусиянын "Биринчи каналынан" көргөзүлгөн сюжетке укуктук баа берүүнү өтүндү. Анда сюжеттин автору Берлинде 13 жашар орус тилдүү кызды араб өлкөлөрүнүн биринен келген качкындар уурдап кетип, зордуктаганы тууралуу маалымат жарыялаган. Бирок полиция Германияда орус тилдүү кыз жоголду деген сөздү иликтеп, анын чындыкка коошпой турганын аныктаган. Мына ошондуктан адвокат Мартин Лютле телесюжет орусиялык пропаганданын негизинде даярдалып, улуттар аралык кастыкты козута турганын билдирди. Германиянын укук тартиби орусиялык маалымат каражаттарына жайылтылбаганы менен Берлинде жашаган орусиялык журналист Иван Благо өлкөнүн мыйзамдарын бузду дейт немис адвокаты. Анткени орусиялык каналды Германияда жашаган алты миллионго чукул орус тилдүү калк көргөндүктөн, сюжет алардын арасында качкындарга каршы жек көрүүнү козута турганы белгиленди.

XS
SM
MD
LG