Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Азербайжан Ошто жер титирөөдөн жабыркагандарга гумжардам жөнөттү


Азербайжан өкмөтү былтыр Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам иретинде жөнөткөн гуманитардык жардам Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Гумжардам ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун бирдиктүү кампасына 3 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Ичинде 19 тонна кумшекер, 6,5 тонна күрүч бар.

Былтыр ноябрда 7 баллга жакын жер титирөөдө Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 177 үй жараксыз болуп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG