Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Ошто эстакададан үнөмдөлгөн акчага дагы көпүрө курулат


Ош шаарында эстакададан үнөмдөлүп калган акчага дагы көпүрө курулмай болууда. Бүгүн тендер өтүп, жеңүүчү аныкталды. Курулуш сентябрга чейин аяктап, объект пайдаланууга берилмей болду.

"Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда, долбоордун баасы 43 миллион сом деп бааланды. Бул каражат былтыр ишке берилген эстакададан калган 105 миллион сомдун эсебинен алынат.

Жаңы көпүрөнүн узуну 36, эни 22 метр болот. Ал Ленин жана Исанов көчөлөрүн байланыштырып, шаардык төрөт үйү менен студенттер шаарчасынын ортосуна салынат.

Курулуш жүрө турган жерден үч жер тамды бузууга туура келет.

Оштогу ири эстакада көпүрө былтыр ачылган. Ага Орусия берген бюджеттик акчадан 560 миллион сом бөлүнгөн. (YI)

XS
SM
MD
LG