Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Ошто бачабаз молдо 15 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ошто бачабаздык кылды деп кармалган молдонун күнөөсү далилденип, шаардык соттун чечими менен 15 жылга кесилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинин өкүлү Хусанбай Салиев билдирди:

- Шаардык соттун чечими 25-декабрда кабыл алынды. Соттолгон тарап апелляциялык арыз менен кайрылдыбы же жокпу, билбейм. Негизи буга 10 күн убакыт берилет.

2012-жылдын 10-июнунда Ош шаарындагы Кыргыз-Түрк медресесинде 9 жаштагы тарбиялануучусун зордуктады деген шек менен молдо Нурсейит Калыбай уулу кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG