Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

Жогорку Кеңеште мандат чыры дагыле карала элек


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары “Кыргызстан” фракциясынын мандатынан ажыратылган эл өкүлдөрүнүн чыры парламентте өткөн жумадан бери каралбай жатканына нааразылыгын билдиришти. Алар бүгүнкү жалпы жыйынды башкарып жаткан спикердин орунбасары Нурбек Алимбековдун дарегине сын айтышып, анын вице-спикердин милдетин жакшы аткара албай жатканын белгилешти.

Депутат Чолпон Жакупова иш атайын каралбай жатканын ырастаса, “Республика – Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов депутаттардын эки жаатка бөлүп жатканын билдирип, мандат маселесин кароого парламент милдеттүү экенин айтты.

Бирок Алимбеков БШКнын расмий өкүлү Шайымкулова жыйынга келбей калганын, ошондуктан маселе каралбай жатканын билдирди. Депутаттар бул жаатта парламент жетекчилиги бейтараптуулуктан тайганын айтып, вице-спикер “Кыргызстан” фракциясынын өкүлү болгондуктан, бул ишти атайын кечиктирип жатканын, бул мыйзам бузуу экенин билдирип, Алимбековго ишеним билдирбөө демилгесин көтөрүштү.

Мандат чыры Жогорку Кеңеште өткөн жумадан бери күн тартибине киргизилип, кворум жок деген негизде каралбай калууда.

“Кыргызстан” фракциясындагы мандат талаш бүгүн Жогорку Сотто да каралууда. (SE)

XS
SM
MD
LG