Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Мандат чыры боюнча БШКнын чечимин Жогорку Сот күчүндө калтырды


Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-январда чыгарган чечимин Жогорку Сот күчүндө калтырды. 15-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ал чечимди мыйзамсыз деп тапкан эле. Буга нааразы болгон БШК Жогорку Сотко кайрылган.

Сотто БШК өкүлү Рашид Бекбасаров мандатты мөөнөтүнө мурда токтотуу боюнча бүтүм мыйзам негизинде кабыл алынганын айтты.

Жумалиева менен Эсенаманова депутаттык ыйгарым укугун тапшырууга арыз жазбаганын айтып, фракция жетекчилиги жең ичинен иш бүтүргөн деп даттанышкан жана БШК фракция менен өз ара тил табышканын айткан. Бул маселени Башкы прокуратура да текшерип жатат. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG