Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Акыйкатчы Орусиядагы кыргызстандыктардын абалын талкуулады


Акыйкатчы Кубат Оторбаев бүгүн Москванын Адвокаттык палатасынын мүчөсү Павл Березин менен жолугуп, Орусиядагы кыргызстандыктардын абалын талкуулады. Жолугушуу акыйкатчынын кеңсесинде өттү.

Аталган уюм 11 жылдан бери Кыргызстандан барган жарандардын укугун коргоо жаатында иштеп келатканы айтылды. Оторбаевге эки тараптуу кызматташтыкты тастыктаган сертификат тапшырылды. Биргелешип иштөө тууралуу макулдашууга тараптар былтыр декабрь айында кол койгон болчу.

Бейрасмий маалыматка караганда, 1 миллионго жакын кыргызстандык учурда Орусияда мигрант болуп жүрөт. Ошону менен катар Кыргызстандан тарыхый мекенине туруктууу жашоого көчүп баргандар да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG