Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:31

"Республика - Ата-Журт" вице-спикер Алимбековго ишеним көрсөтпөөнү чечти


Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясы бүгүн парламенттин вице-спикери Нурбек Алимбековго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Фракция өкүлдөрүнүн айтымында, Алимбеков мандат талаш маселеси боюнча Боршайком маалыматын угууга тоскоолдук жаратып, төрага жок учурда регламентти бузду. Ошого байланыштуу аны вице-спикерлик кызматтан алуу сунушу берилди.

"Кыргызстан" жана "Республика - Ата-Журт" фракцияларынын айрым депутаттарынын мандат талаш маселесине байланыштуу БШК маалыматын угуу сунушу эки жумадан бери айтылып келатып, кечээ гана күн тартибине кирген. Бирок БШК Жогорку Соттогу жараянга катышып жатканына байланыштуу деген негизде өкүлүн ЖК жыйынына жибербей койгон.

Төрага Асылбек Жээнбеков расмий сапар менен Сауд Арабияда жүргөнүнө байланыштуу бул апта Жогорку Кеңештин жыйындарын "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, вице-спикер Нурбек Алимбеков алып барды. (RK)

XS
SM
MD
LG