Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Командирден токмок жеген жоокер ооруканага жаткырылды


УКМКнын 64479 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Абытбек уулу Мамарасул рота командири тарабынан токмоктолуп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык жоокерлердин энелери уюмунун төрайымы Уулкан Байкубатова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 21-январда жоокердин энеси арыз менен аталган комитетке кайрылган. Маалыматка ылайык, жоокер рота командири, капитан Аралбаев тарабынан аеосуз сабалган. Токмоктон жоокердин денеси көгөрүп, баш мээси чайкалган. Учурда аскер прокуратурасы бул факт боюнча териштирүү иштерин баштады. (UEz)

XS
SM
MD
LG