Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

«Азаттык» “Ар бир кесип ардактуу” сынагынын жыйынтыгын чыгарды


Конкурстун максаты жаштарды эмгекти барктоого көндүрүү, кандай кесип болсо да маанилүү жана керектүү экенин көрсөтүү болчу. Онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында арбын добуш топтогон, жыйналган баллдарынын саны жагынан Алина Сыдыкованын “Чек арачы коопсуздукту сактап турат” деген фото сүрөтү биринчиликти алды. Сүрөттүн автору башкы сыйлыкты – конкурстун негизги өнөктөшү – “О” мобилдик операторунун смартфонун алат. Экинчи орунду Жумабай уулу Кубанычбектин “Коруктун эң жаш кызматкери” сүрөтү ээледи. Үчүнчү орунга Марат Сайранбаевдин “Кол өнөрчү” деген фотосүрөтү менен татыктуу болду. Бул авторлорубуз WiFi-роутерлерин алышат. Сыйлыкка жетишкендердин байгесин тапшыруу аземи февраль айынын башында өткөрүлөт. Сынакка мыкты сүрөттөрүн жөнөткөн авторлорго ыраазылык билдиребиз.

XS
SM
MD
LG