Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Олланд: Франция террорчулардын коркутууларына моюн сунбайт


Индия премьер-министри Нарендра Моди менен Франциянын президенти Француа Олланд кучакташып, көрүшүүдө. 24-январь, 2016-жыл
Индия премьер-министри Нарендра Моди менен Франциянын президенти Француа Олланд кучакташып, көрүшүүдө. 24-январь, 2016-жыл

Франциянын президенти Франсуа Олланд анын өлкөсү коркутуп-үркүтүүлөргө моюн сунбайт жана терроризмге каршы күрөш солгундабайт деп бүгүн билдирди. 24-январда “Ислам мамлекети” радикал уюму былтыр ноябрда Париждеги теракттарды ишке ашырууга шектелген тогуз жихадчынын видеосун тараткан. Анда террорчулар эл аралык коалицияга кирген өлкөлөрдүн аймагында кол салууларды уюштурушаарын эскертишкен.

Делиде расмий сапарда жүргөн Олланд ушундай коркунучтардан улам чукул абалдын мөөнөтүн узартууну өтүнгөнүн кошумчалады. Өзгөчө кырдаал 13-ноябрда борбор шаардагы кол салуулар 130 кишинин өмүрүн алып кеткенден кийин киргизилген. Француз тилиндеги видео болжолу менен экстремисттердин колундагы аймакта террорчулар Европага аттанаардын алдында тартылган. Согушкерлердин жетөө чабуулдар маалында окко учкан, дагы экөө полициянын рейддеринде жок кылынган.

XS
SM
MD
LG