Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Анкарада шектүү жихадчылар кармалды


12-январдагы Стамбулда болгон жарылуудан кийин иштеп жаткан тез жардам кызматы.
12-январдагы Стамбулда болгон жарылуудан кийин иштеп жаткан тез жардам кызматы.

Анкарада полиция “Ислам мамлекети” радикал уюмуна жалданган деген шек менен кеминде 10 кишини кармады. "Анадолу" маалымат агенттиги терроризмге каршы бөлүмдүн кызматкерлери бүгүн эртең менен баш калаада жихадчылардын катарына кошулган деп шектелген адамдарды колго түшүрүү операциясын жүргүзүшкөнүн кабарлады.

Түрк бийлиги 12-январда Стамбулдун тарыхый бөлүгүндө 10 туристтин өмүрүн алып кеткен жардыруу үчүн “Ислам мамлекетинин” согушкерлерин айыптаган. Радикал топ ошондой эле өткөн октябрда Анкарадагы эки теракттын артында турганы кабарланган. Анда 103 киши жан таслим болгон. Түркия жихадчылардын өз жергесиндеги уюшмаларына каршы чара көрүү менен катар Сирия менен чек арасында согуштук аракеттерин күч алдырды. Анкара ошондой эле эл аралык коалициянын учактарына өз базаларын пайдаланууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG