Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

“Кумтөр” кызматкерин тоногон үч өспүрүмгө кылмыш иши козголду


Балыкчы шаарында “Кумтөр” ишканасынын кызматкерин тоноду деген шек менен 15 жана 16 жаштагы үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүүлөргө каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө жүрүшүндө алар “Кумтөр” кызматкеринин жалпы наркы 54 миң сомдук компьютерин, уюлдук телефонун алып кетишкени белгилүү болгон.

Окуя 22-январда Балыкчы шаарында катталган. Бул жерде “Кумтөдүн” базасы жайгашкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG