Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

“Республика Ата-Журт”: К. Ташиев А. Абдувахаповду катуу сабаганы тастыкталган жок


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Бул тууралуу “Республика Ата-Журт” партиясынан 27-январда маалымдашты. Маалыматка караганда, өткөн жылы 26-сентябрда “Өнүгүү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдыманап Абдувахаповдон ички иштер министрлигинин Жалал-Абаддагы бөлүмүнө арыз түшкөн. Анда Камчыбек Ташиев партиянын Жалал-Абаддагы шайлоо кеңсесине келип, аны катуу сабаганы айтылган.

Бир нече жолу жүргүзүлгөн экспертизада Абдувахапов жеңил жараат алганы, бирок катуу сабалган жана денесине оор зыян келтирилген деген маалымат чындыкка туура келбеси аныкталган. Ошондой эле 26-сентябрдагы окуяда кеңседен 20 миң доллар жоголду деген маалымат да аныкталган эмес. Абдувахаповдун арызына байланыштуу Камчыбек Ташиев БШК тарабынан “Республика Ата-Журттун” шайлоо тизмесинен чыгарылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG