Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Тбилиси Түштүк Осетия үчүн урушту териштирүү чечимин кубаттады


Грузия Эл аралык кылмыш сотунун 2008-жылы Орусия менен уруш маалында Түштүк Осетия жана айланасындагы согуш кылмыштары делген фактыларды иликтөө чечимин кубаттады.

Грузиянын юстиция министри Теа Цулукияни бүгүн Тбилисидеги пресс-конференцияда тергөө Грузияга Москва жана өнөктөшү Түштүк Осетиянын жикчил күчтөрү грузиндерди тукум курут кылганын, грузиялык согуш туткундарын өлтүргөндүгүн далилидөөгө жардам берет деп айтты.

Буга чейин эл аралык сот Африка өлкөлөрүндөгү куралдуу жаңжалдарды гана иликтеп келген. 2008-жылдын августунда жикчил жумуриятынын үстүнөн көзөмөлдү 1990-жылдары эле жоготкон Грузия Түштүк Осетияны кайтаруу боюнча чабуул баштаган. Ошол кездеги президент Михаил Саакашвили Орусия жана жикчилер провокация жасашканын ырастап келди. Орусия контрчабуул коюп, грузин аскерлери чегинүүгө аргасыз болушкан. Согуш беш күнгө созулган.

XS
SM
MD
LG