Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Иран Франциядан ири көлөмдө учак жана автоунаа сатып алат


Иран президентинин Францияга иш сапары.
Иран президентинин Францияга иш сапары.

Президент Хасан Роуханинин Франциядагы иш сапары учурунда Аэробус компаниясынан 22 млрд еврого 118 аэробус учагын сатып алуу тууралуу келишимге кол коюлду. Ал тууралуу 28-январда Роухани менен Франциянын президенти Франсуа Олландын жолугушуусу учурунда айтылды.

Сапар учурунда Пежо компаниясы менен Ирандын Ходро компаниясы ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлуп, 2017-жылдан тарта биргелешкен компания жылына 200 миң даанадан автоунаа чыгарары маалымдалды. Француз ишкерлери менен жолугушууда президент Хасан Роухани Иран Чыгыш менен Батыштын ортосунда сооданы жандантууга “ыңгайлуу жер” экенин билдирди. Франциянын өкмөт башчысы Мануэл Вальс “Франция Иран үчүн ачык” экенин жана “Иран Францияга ишене аларын” билдирген.

Президент Роуханинин Францияга сапары бул өлкөдө баш калкалоого аргасыз болгон иран оппозициясынын, студенттердин нааразылык акциясы менен коштолду. (AiT)

XS
SM
MD
LG