Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Германия зордукталган кыз жөнүндөгү маалымат калп экенин далилдеди


Өспүрүм кызды мигранттар зордуктады деп жазган орус гезити
Өспүрүм кызды мигранттар зордуктады деп жазган орус гезити

Германиянын бийликтери орусиялык мигранттардын 13 жаштагы кызы Берлинде зордукталгандыгы жөнүндөгү маалымат ойлоп табылганын билдирди.

11-январда дайынсыз жоголгон өспүрүм эртеси полицияга барып, аны уурдап, зордукташканын айтып берген. Ата-энеси ал кишилер Жакынкы Чыгыштан келген мигранттар экенин ырасташкан.

Берлин прокуратурасынын маалымат катчысы кыздын мобилдик телефонун текшерүү ал түндү өспүрүм досунун үйүндө өткөргөнүн көргөздү деп бүгүн билдирди. 19 жаштагы жигит маалыматты ырастады жана анын батиринен кыздын жеке буюмдары табылды. Ага каршы иш козголгон жок, бирок жигит күбө катары өтмөкчү.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров немис бийликтери ички саясий себептерден улам, чындыкты жаап-жашырышы мүмкүн дегенден кийин Берлин Москваны ал ишти саясатташтырбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG