Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

АКШ: Царнаевдин адвокаттары сотко апелляциялык арыз беришти


Жохар Царнаев
Жохар Царнаев

Бостон марафонундагы теракт боюнча өлүм жазасына өкүм алган Жохар Царнаевдин адвокаттары арызды жума күнү тапшырган, азырынча кандай негизде жазылганы белгисиз. Ал жактоочулар тарабынан кошумча документтер берилген соң анык болору айтылууда.

Буга чейин адвокаттар сотко жаңы процесс өткөрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Алардын көз карашында сот өкүмүнө соттун теракт болгон Бостондо өтүшү таасирин тийгизген. Бирок январь айында АКШнын федералдык соту жаңы соттук териштирүүнү өткөрүү өтүнүчүн четке каккан.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостон марафонунда болгон жарылуудан үч киши каза таап, 260 киши жараат алган. Өткөн жылдын апрель айында сот 22 жаштагы Жохар Царнаевди 30 пункттан турган айыптоолор боюнча күнөөлүү деп таап, 24-июнда ага өлүм жазасын өкүм кылган. Царнаев азыр Колорадо штатындагы террордук иш-аракети үчүн соттолгондордун түрмөсүндө жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG