Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Рак оорусу менен күрөшүү күнүнө карата кайрымдуулук кече болот


4-февралда белгиленчү Эл аралык рак илдетине каршы күрөшүү күнүнүн алкагында “Эргене” коомдук фонду каалоочуларды кайрымдуулук кечесине чакырат. Кечеге кирүү акысы катары бекитилген ар бир 1000 сомдук билет морфин дарысынын 100 таблеткасын сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул дары Оштогу онкологиялык борбордогу дарты өтүшүп кеткен бейтаптарга берилет.

Кайрымдуулук кечесинде “Мен ракты жеңдим!” фотокөрсөтмөсү уюштурулуп, рак илдетин жеңген аялдар модель катары кийимдердин коллекцияларын көрсөтүшөт. Мындан тышкары кече концерттик программа, бий менен коштолот.

Иш-чара 4-февралда Парк Отелде өтөт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда рак илдетине кабылган 25 миңдей адам бар. Адистердин айтымында, бул ооруга чалдыккандардын жарымынан көбү ооруканага кеч кайрылат. Онкологиялык оорулардын ичинен ашказандын залалдуу шишиги биринчи орунда турат. Дарыгерлер бул оору жашарып баратканына тынчсыздануусун билдирип келишет (AzK)

XS
SM
MD
LG