Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Москвадагы өрттө мерт болгондор арасында кыргыз жарандары да бар экени айтылууда


lifenews.ru сайтына чыккан маалыматка караганда, Москвадагы Стромынка көчөсүндөгү тигүүчү цехте чыккан өрттөн каза болгон 12 жарандын ичинде кыргыз жана өзбек жарандары бар. Аталган сайт алардын арасынан үчөө жаш балдар экенин, анын бири эмчектеги ымыркай экенин жазды.

Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү имараттардын биринде жайгашкан тигүү цехинде жекшембиге караган түнү өрт чыгып, 500 квадрат метр аянт күйүп кеткен.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, өрт болгон жерде каза болгондордун сөөгү табылган соң, окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Өрт бир нече жерден тутанганы аныкталып, бул атайын жасалган иш болушу ыктымал деген божомол да каралууда.

Имараттагы цехти ижарага алып иштеткен жеке ишкер жаздык жана төшөк тигүү менен алектенгени аныкталды.

Өрт учурунда бир жумушчу аман калган. Анын колдору күйүп калган. Ушул тапта урандынын алдында дагы бир адамдын денеси калгандыгы айтылууда.

Бул тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Орусиягы элчилиги менен байланыштуу мүмкүн болбой жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG