Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Орусияда Батукаевдин бир тууган эжеси баңги заты менен кармалды


Бул туурасында “Азаттыкка” бүгүн Ички иштер министрлигинен өздүк булактар билдирди. Маалыматка караганда, Челябинскиде контрчалгынчылар Кыргызстандын үч тургунун 30 килограмм баңгизаты менен кармаган.

Орусияга турист катары келген бул үч жаран баңгинин ири партиясын сатууну көздөшкөн. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алардын бири кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууганы 54 жаштагы Яха Батукаева экени, дагы бир жаран Кабылжан Абдурахманов Токмок шаарынын тургуну, үчүнчүсү Хикматилло Кадыров Швециянын жараны экени аныкталган.

Алар 5 килограмм баңгизатын Борбордук Орусиянын региондорунда сатуу үчүн Челябинск–Троицк жолунда бара жаткан жеринен кармалышкан. Калган заттар алардын Түштүк Уральскиде убактылуу жашаган квартирасынан табылган. Үч жаранга карата Орусияда кылмыш иши козголгону кабарланууда (AzK).

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG