Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Акыйкатчынын шайланышы боюнча соттук териштирүү 17-февралда уланат


Акыйкатчыга берилген добуштарды эсептөө. 30-декабрь, 2015-жыл
Акыйкатчыга берилген добуштарды эсептөө. 30-декабрь, 2015-жыл

Бишкектин райондор аралык соту бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоодогу ачык-айкындуулук маселесин карады. Бул жолку сот жараянында арызданган тарап добуш берүү учуру тартылган видео материалды прокуратурага, сотко, Жогорку Кеңешке жана Акыйкатчы институтуна тапшырды. Соттук териштирүү 17-февралда уланмай болду.

Омбудсмен кызматына талапкерлигин коюп өтпөй калган Рита Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоо жараянында мыйзам бузууларга жол берген.

Жогорку Кеңеште 30-декабрда өткөн шайлоодо үч талапкердин ичинен КСДП жана “Кыргызстан” партиялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш менен жеңишке жеткен. Акыйкатчыны шайлоо убагында жашыруун добуш берүү болгонуна карабай, бюллетендерди көзөмөлгө алган учурлар байкалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG