Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Ооганстанда “Халифат үнү” радиостанциясы талкаланды


Ооганстандын чыгышында АКШ аба күчтөрүнүн эки соккусунан "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна тиешелүү "Халифат үнү" радиосунун станциясы талкаланганын Кошмо Штаттар менен ооган расмийлери бүгүн билдиришти. Нангархар провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Атауллах Хогуани аба соккуларынан аталган экстремисттик топтун 29 мүчөсү да тындым болгонун кабарлады. Ал бул чабуулдан "Халифат үнү" радиосунун 5 жана веб-сайтынын 3 кызматкери да мерт кеткенин кошумчалады.

АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы миссиясынын өкүлү, полковник Майк Лавхорн террорчуларга каршы эки аба соккусу 1-февралдын кечинде Ачин районунда жасалганын билдирди. Ооганстандын Пакистан менен чек аралаш аймактарында террордук топтун мүчөлөрү байырлап алганы айтылып жүрөт.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун "Халифат үнү" радиосу Ооганстандын Нангархар провинциясында акыркы бир канча аптадан бери уктурулуп жаткан. Ооган бийликтери радиостанция мобилдүү болгонун жана террордук топту үгүттөөдөн сырткары жергиликтүү журналисттерди коркуткан билдирүүлөрдү таратып турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG