Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Шыкмаматов: ГЭСке сарпталды деген каражат эки-үч эсе көбөйтүлүп көрсөтүлгөн


Жогорку Нарын катарындагы ГЭСтердин курулушчулар жатканасы.
Жогорку Нарын катарындагы ГЭСтердин курулушчулар жатканасы.

Жогорку Нарын ГЭСин курууга жумшалган каражатты текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн алгачкы жыйынын өткөрдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, курулуш үчүн сарпталган каражат 2-3 эсе көбөйтүлүп көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссия төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Биз тиешелүү органдардан кетирген чыгымдар боюнча толук маалыматты, канча акча кайда жумшалганын сурадык. Бирок “Жогорку Нарын каскады” деген жабык акционердик коомунун сайтындагы материалдар боюнча баалар 2-3 эсеге жогору көрсөтүлгөн. Бул алдын ала маалыматтар болуп жатат. Мисалы, жарнама кызматы үчүн 40 миң доллар төлөндү деп айтылып атат. Газетага, сайтка жарнама бериш үчүн эмнеге ушунча каражат кетет? Андан сырткары жаратылышка тийгизген таасири деп “Чүй экологиялык компаниясы” тендерди утуп алып, 200 миң долларга чукул каражат алыптыр. Ушундай фактылар көп.

Нарында ГЭС курууга жумшалды деген 37 млн. долларды текшерүү боюнча депутаттык комиссия 26-январда курулуш жүргөн жерге барышкан. Аталган комиссияга 12 депутат мүчө. Шыкмаматов керек материалдарды бербей, текшерүүгө тоскоолдук болуп жатканын кошумчалады.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык, Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш жылбай жатканына байланыштуу Кыргызстан бул макулдашууну жокко чыгарган. Орус тарап ГЭСтин алгачкы курулуш иштерине 37 млн. доллар коротконун ырастаган. Депутаттар курулушка 5 млн. доллар да сарпталбаганын айтышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG