Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Өкмөт колу-бутун үшүккө алдырткан балага 100 миң сом бөлөт


Прмьер-министр Темир Сариев колу-бутун үшүккө алдырткан 8 жаштагы Ырыскелди Зарлыковго өкмөттүн фондунан 100 миң сом бөлүп берди. Өкмөт башчы керектүү медициналык жардам көрсөтүп, көзөмөлгө алууну саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге тапшырды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары мындан үч жыл мурда Нарындын Ак-Моюн айылында чоң атасы менен мал кароого чыгып бороонго кабылган Ырыскелди Зарлыков жөнүндө жазышкан. Небересин сууктан коргоп, кучактап жаткан чоң атасы суукка тоңуп каза тапкан. Ырыскелди өзү аман калып, бирок дарыгерлер анын үшүк алган эки колу менен эки бутун кесүүгө мажбур болгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG