Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө


Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши өтүүдө.

Спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов “Азаттыкка” билдиргендей, 3-февралда башталган таймаштарга 10 өлкөдөн 136 спортчу катышууда.

Мушкерлер 10 салмак даражасында күч сынашат. Быйыл мелдешке алгачкы жолу Ирак, Алжир жана Бириккен Араб Эмирлигинен командалар келишкен. Алардын арасында 2016-жылы Бразилияда боло турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулар да бар.

Жарым финалдык күч сынашуулар 6-февралда болуп, жеңүүчүлөр 7-февралда аныкталат.

Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык таймаш быйыл 39-жолу өткөрүлүп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG