Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

“Пирамида” мамлекеттик маалыматты таратчу каналга айланат


Бул тууралуу 4-февралдагы парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, “Пирамида» парламенттин гана эмес, бардык бийлик бутактарынын, анын ичинде мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат тарата турган телеканал катары аныкталды. Ага ылайык, аталган канал аптанын бардык иш күндөрү саат 9:00дөн 18:30га чейин мамлекеттик маалыматтарды жайылтат.

Парламенттин жыйындарын түз көрсөтүү, комитеттердин, фракциялардын жыйындарынан репортаждарды даярдоону Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы ишке ашыра турганы белгилүү болду. Ал эми жыйындар 10-февралдан тартып «Пирамида» телеканалы аркылуу түз эфирде көрсөтүлө баштайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG