Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Нарын шаарында алдоо жолу менен зордукталган 14 жаштагы кыз көз жарып, азыр төрөтканада жатат. Секелектин төрөгөнү тууралуу маалыматты облустук оорукана башчысы Мурат Атбаев ырастады.

Кызды зордуктоого шектелип Ат-Башы районунун 24 жаштагы тургуну колго түшкөнүн облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ороз Молдосариев билдирди. Азыр ал камакта. Кылмыш иши иликтенүүдө.

Маалыматка караганда, шектүү Нарын шаарында дагы бир 16 жаштагы кызды алдап, намысына тийип жүргөнү аныкталган. (MiK\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG