Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Президент Атамбаев Кытай элин Жаз майрамы менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кытайдын төрагасы Си Цзинпинге бул өлкөдө белгиленип жаткан Жаз майрамына карата куттуктоо жолдоду.

Мамлекет башчы эки өлкө ортосундагы достук мамиле мындан аркы саясий диалогду тезирээк өркүндөтүүгө, эки тарапка тең пайдалуу соода-экономикалык ымалага, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Ошондой эле жеке Си Цзинпинге кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазылык билдирди. Ал эми жалпы Кытай элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Бүгүн Кытай мамлекети ай жылнамасы боюнча Жаңы Жыл - Жаз майрамын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG