Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Сирия менен Ирактагы согуштан жүздөн ашуун тажик жараны кайтып келди


"Ислам мамлекетине" кошулуп кеткен тажик полковниги
"Ислам мамлекетине" кошулуп кеткен тажик полковниги

Тажикстандын баш прокурору Юсуф Рахмон Ирак менен Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардан мекенине кайтып келген тажик жарандарынын саны 120га жеткенин билдирди. Алардын ичинде 42 согушкер бар, калгандары алардын аял, бала-чакалары. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты.

Тажик бийликтеринин маалыматына караганда, Сирия менен Ирактагы согушка өлкөдөн жалпысынан миң чакты жаран кеткен. Аталган эки өлкөдөгү согушка катышканы үчүн айыпталып, жыйырмадай адам абакка кесилген. Былтыр декабрда Шахритуз районунун жети тургуну райондун борборуна "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунукуна окшош кара желек илип кеткени үчүн соттлогон.

XS
SM
MD
LG