Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:18

Гаагадагы абакта босниялык сербдердин генералы көз жумду


Гаагадагы абакта геноцид үчүн айыпталып, өмүр аягына чейин эркинен ажыратылган босниялык серб генералы Здравко Толимир оорудан көз жумду.

Сербиянын мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал менен байланыштары үчүн жооп берген өкүлү Расим Лиачич генерал 8-февралда кармоочу жайда каза болгонун маалымдады.

67 жаштагы Толимир босниялык сербдердин армия башчысы Ратко Младичтин оң колу болуп эсептелчү. 2012-жылдын декабрында трибунал маркумду 1992-95-жылкы согуш маалында жасалган кылмыштарга, анын ичинде Сребреницадагы мусулмандарды кырууга тиешеси бар деп өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кескен. Былтыркы апрелде апелляциялык сот өкүмдү күчүндө калтырган.

XS
SM
MD
LG