Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Сирияда “Чек арасыз дарыгерлер” уюмунун ооруканасына сокку урулду


Согуштан улам аргасыз жер которгон сириялык качкындар
Согуштан улам аргасыз жер которгон сириялык качкындар

“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык кайрымдуулук уюмунун Сириядагы ооруканасына абадан сокку урулуп, үч адам көз жумду, алтоо жараат алды. Маалыматка караганда, Иордания менен чектеш Тафас аймагындагы госпиталь бутага алынган. Бул жер өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин жаңжалы күчөгөн аймактардын бири. Акыркы учурда аталган райондо Орусия армиясынын учактары жүргөнү айтылганы менен азырынча сокку ким тарабынан урулганы анык эмес.

Уюм тараткан билдирүүгө ылайык, оорукана 5-февралда бомбаланган. Анын айынан Тафастан 20 миңдей адам башка жакка качууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG