Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

Таласка кызылчанын жаңы түрү айдалат


Быйыл Таласка кант кызылчасынын “Ленора” деп аталган жаңы түрү эгилип, аны “Кайыңды кант” заводу сатып алат. Тоннасы 3450 сомдон бааланат. Буга аталган завод кепилдик бергенин облустук акимчиликтин Агрардык өнүктүрүү бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

“Леноранын” уругу март айында Германиядан алып келинет. Адистер ар бир гектардан 100 тоннадан түшүм алуу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Бир гектар жерге урук сатып алууга 5000 сомдун тегерегинде акча сарпталат.

Быйыл Талас облусу боюнча 1354 гектарга кант кызылчасын айдоо пландалган.(SS)

XS
SM
MD
LG